Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ (ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ) ИШМЕРДҮҮЛҮК – жаңы илим-билим алууга жана колдонууга багытталган ишмердүүлүк , анын ичинде байтүп илимий изилдөөлөр, прикладдык илимий изилдөөлөр да.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕР – жогорку билимдүү же жогорку билимге тете даярдыгы бар, илимий-техникалык ишмердүүлүк менен өзалдынча же аракеттеги илимий-техникалык уюмдарда (илимий-изилдөө, долборлоо-конструктордук, тажырыйба-технологиялык, долбоорлоо, изилдөө жана башка иштер) табигый, техникалык же коомдук илимдер тармагында теориялык жана прикладдык изилдөөлөр менен алектенген адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ УЮМ – менчигинин жана укуктук-уюштуруу таризине карабастан, ошондой эле негизги илимий жана/же илимий-техникалык ишмердүүлүгү катары илимий уюмдун уюштуруу документтерине жана жоболоруна ылайык аракеттенүүчү жана илимий кадрларды даярдоочу юридикалык жак, илимий кызматкерлердин коомдук бирикмеси. И. у. илимий-изилдөө уюмдарына, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелеринин илимий уюмдарына, тажырыйба-конструктордук, долбоорлоочу-конструктордук, долбоорлоочу-технологиялык жана башка илимий жана/же илимий-техникалык иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдарга бөлүнөт.